Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад анын өлкөсү уранды байытуу процессин ийгиликтүү өткөрдү деген жарыясы менен дүйнө коомчулугун бир топ бейпайга салды. Эксперттерди Иран атомдук технология тармагында кандай жетишкендикке ээ болду экен? - деген суроо кызыктырууда. Тегеран чындап эле ядролук бомба жасооого кадам таштадыбы?
11-апрелде Ирандын мамлекет башчысы жергиликтүү окумуштууларды өзөктүк отун чыгаруу ишинин ийгиликтүү аякташы менен кутттуктады:
-Ирандын дүйнөнүн ядролук мамлекеттерине кошулганын расмий жарыялайм.
Президенттин ырастоосунда, байытылган урандын өлчөмү анын атомдук станцияда пайдаланылышына мүмкүнчүлүк берет. Ахмадинежад Ирандын ядролук программасы тынчтык максаттарды гана көздөйт деп кайталап келатат.
Адистер бул – байытуунун деңгээли 3,5 процентти түзөт деп белгилешет. Атомдук куралдын үстүнөн иштөө үчүн болсо 90 процент талап кылынат.
Бирок өзөктүк отун байытуунун жана бомба жасоого керек материалды чыгаруунун принциптери бирдей.
Лондондук эксперт Марк Фитцпатрик Ирандын билдирүүсү дипломатиялык кырдаалды өзгөрттү деген пикирде:
Дүйнө мамлекеттери Иранды бул кадамга барбоого үндөп келген. Иран уранды байыткан мамлекеттердин катарына кошулуу максатын ишке ашырып, жаңы кырдаал түздү.
БУУнун Коопсуздук кеңеши Тегерандан уран байытуу процессинен баш тартууну талап кылып, 28-апрелге чейин мөөнөт берген. Бир нече күн мурун болсо АКШнын айрым маалымат каражаттарында Вашингтон Иранга аскерий сокку уруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда деген кабарлар пайда болгон.
Ак Үй бул маалыматтарды четке какты. Ошол эле маалда коргоо министри Доналд Рамсфелд Пентагондо ар кандай кырдаалдар үчүн чукул пландар бар экенин жокко чыгарган жок:
АКШда дээрлик 15 жылдан бери чукул абалга даярдык пландары бар. Өкмөт, коргоо министрлиги ар кандай кырдаалдарга даярдык көрөт. Бул - кадыресе көрүнүш. Андай болбосо биз сынга кабылат элек.
Аналитик Фитцпатрик Иран уран байыткан 8 өлкөнүн катарына кошулгандыгын жарыялоо үчүн атайлап ушундай кыйын учурду тандап алды деп эсептейт.
Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиктин директору жакын арада Тегеранга аттанганы жатат. Мекеменин инспекторлору болсо Иранга кайтып барып, ушу тапта Натанц шаарындагы өзөктүк ишканада жүрүшөт. Сөз болуп жаткан уран дал ошол жерде байытылган. Азырынча инспекторлордун ишине кандайдыр бир токстоолдук кылынып жатат деген кабарлар түшө элек.