КЫТАЙ: ЭЛ АРАСЫНДА КОММУНИСТТИК БИЙЛИККЕ НААРАЗЫЛЫК ЧОҢ

Бүгүн жума күнү Кытай парламентинин жылдык сессиясы соңуна чыгат. Сессияда делегаттар мыйзам долбоорлорун жапырт колдоп беришти. Бирок бул күндөрү өлкөнүн эки провинциясында өткөн кагылышуулар, курултай тушунда Бээжинди диссидентерди тазалоо боюнча акыркы жылдардагы эң чоң операция өткөрүлгөнү, түрдүү шаарларда ондогон укук коргоочулар үй камагына алынганы- эл арасында коммунисттик бийликке нааразылыктар күчтүү экенин күбөлөйт.
Кытай парламентинин эки жумага созулган сессиясында коммунисттик бийликке ишенимдүү 2980 делегат сунуш кылынган документтер үчүн жабыла добуш берип жатышты. Ушул эле күндөрү, Эл аралык Хьюман Райтс Уоч уюмунун маалымдашынча, полиция Бээжинди диссидентерден тазалоо боюнча соңку жылдардагы эң чоң иш чараны өткөрдү. Демократия колдон чыгып кетпес үчүн бийликтер айрым диссиденттерди чет элдик журналисттерге жолобогула деп эскертип, ондогон укук коргоочулар ар кайсы шаарларда үй камагына алынды.

10-мартта болсо Хунан провинциясындагы Еонгжу шаарында бийликтеги коррупцияга нааразы миңдеген адамдарга каршы полиция күч колдонгондо бир студент набыт өлдү, 60тай адам жарадар боду. Шаарды полиция камоого алып, бейтарап байкоочуларды киргизбей жатканын укук коргоочулар маалымдашты.

Келерки күнү 11-мартта Гуандунг провинциясында Доңжу кыштагынын бийликтер менен араздашкан миңдей тургунуна темир союлдар менен куралданган белгисиз топ кол салганда, полиция аларга каршы эч кандай чара колдонбогон. Кагылышууда жыйырмадан ашуун адам жараат алды. Бул фактылар, Хьюман Райтс Уочтун Азия бөлүмүнүн директору Брэд Адамстын айтымында, “Кытай жетекчилиги өз элинин үнүнөн жана көз карашын ачык уккандан коркконун күбөлөйт”.

Өлкө экономикасы 10 проценттик арыш менен баратканда, чиновниктер арасындагы жемсөөлүк, жер басып алуулар, элди күчкө салып көчүрүү, айлана чөйрөнүн булгануусу чоң көйгөйгө айланды. Буга нааразылык катуу. Кытай өкмөтүнүн маалыматына ылайык, күнүнө өлкө боюнча орто эсеп менен 200 нааразылык чарасы өтөт. Бул он жыл мурдагыдан төрт эсеге көп.

Кытай парламентинин жылдык сессиясына кайрылсак, мүлк жөнүндөгү жаңы мыйзам кабыл алынды. Ал жеке менчик мүлктү коомдук же мамлекеттик мүлк менен тең абалга койот. Бирок бул мыйзам дыйкандардын жамааттык менчигиндеги жана акыркы кезде талаштын огогуна айланган жерлерди пайдалануу маселесин кандай чечери белгисиз. Мүлктү коргоо боюнча мыйзамдын чоң идеологиялык талаш-тартыштан кийин кабыл алынышы- ылдам күч алып бараткан кытай ишкерлери үчүн чоң жеңиш. Анткен менен, идеологияны четке коюп, менчик сектордун таянуу менен экономикалык секирик жасаган Кытайдын коммунисттик жетекчилиги, парламенти элдин нукура талабын чагылдырган органга айлантууга барбаса, парламент- башкаруучу Коммунистик партиянын кол баласы бойдон кала берет.