Украинада саясий кризис уланууда. Өлкөдөгү соңку окуялар 2004-жылкы саргылт ыңкылаптын учурундагыдай миңдеген адамдардын Киевде көчөгө чыгуусун шарттады. Анткен менен бул ирээт аянттагылардын көбү президент Виктор Ющенкону эмес, анын саясий атаандашы премьер-министр Виктор Януковичти колдошууда. Бирок, президентти жактоочулардын да ага көчөдө колдоо көргөзүү ниети бар. Шаршембиде президент кеңсесинин алдында атаандаш эки тараптын тең жактоочулары болду.
Украин президенти өзүнүн чечиминен кайтпай турганын билдирүүдө. Бул тууралуу ал 3-апрелде премьер- министр Янукович менен жолуккан учурда айтып, өкмөттөн президент жардыгынын аткарылышын талап кылган. Бирок Янукович өкмөт жана парламенттеги көпчүлүк Конституциялык соттун чечимине жараша иш кыларын айтууда. Президент жардыгын "тагдыр чечээрлик ката" деп баалаган Янукович, өкмөттүн шаршембидеги жыйынында маселенин мыйзамдуулугун Конституциялык сот карамайынча, өкмөт жана башкаруучу коалиция эрте шайлоого даярдык көрбөсүн белгилеп, мындай деди.
-Бул маселе боюнча Конституциялык соттун чечиминен башка жалгыз жол - президент жардыгын жокко чыгарылышы. Эгер ал мунун жасоого даяр болсо, биз алдыга жылып, мунасага барууга даярбыз. Бирок президент жардыгын жокко чыгарбай, муну Конституциялык сот жасаса, биз Конституциялык соттун чечимин аткарабыз.
Өлк парламенти - Жогорку Раданы таратуу жөнүндөгү жардыкка украин 2-апрелдин кечинде кол койгон эле. Мунун алдында ал парламенттеги фракциялардын жетекчилиги менен өткөргөн сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктаган болчу. Ага чейин президент Ющенко премьер- министр Януковичтин парламентте көпчүлүктү түзгөн Региондор партиясын оппозициялык фракциялардын бир нече депутатын өзүнө кошуп алуу менен Конституцияны бузуп жатканы үчүн айыптаган. Эгер башкаруучу коалиция оппозициядагы фракциялардын депутаттарын өзүнө тартуу жолу менен 450 орундуу парламенттеги добуштарынын санын 300гө жеткирип алганда, президент мыйзамдарга салган ветону жеңүүгө, атүгүл Конституцияны өзгөртүүгө, ага катар президенттин бийлик-укугун чектегенге мүмкүндүк алмак. Андыктан украин президенти окуялардын мына ушундай өнүгүшүн алдын алгандай.
Шаршембиде британдык "Financial Times" гезитинде жарыяланган макаласында, Ющенко парламентти таратуу жөнүндөгү чечиминин себептерин түшүндүрүп, өлкөдөгү саясий кризис, Украинанын жаш демократиясы кептелген коркунучтуу чакырык токтоосуз жана катаал аракеттерди талап кылганын жазат. Президент жардыгына нааразы бир нече миң адам Киевде шаршембиде чогулду. Өлкөнүн ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Константин Стохний "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун украин кызматына буларды айтты:
-Биз Киевде милиция бөлүктөрүн чыңдоону өткөн жума күнү эле баштаганбыз. Президенттин парламентти таратуу жөнүндөгү чечиминен соң жарандык баш аламандыкка жол бербөө үчүн алар Киевде кала берүүдө. Президентти колдогон, колдобогон да жарандар башкаалага келүү ниети жөнүндө сөз кылып жатат. Алар өз караштарын билдирүүдө мыйзамсыз ыкмаларды колдонушуна жол бербөө үчүн биз административдик имараттарды кайтарууну чыңдадык.
АКШ, Евробиримдик, Орусия Украинанын саясий күчтөрүн мунаса табууга, демонстранттарды провакация менен тирешүүдөн качууга чакырды. Президент Ющенко болсо армиянын башкы командачысы катары саясий кризис күч менен чечилишине жол бербей турганын да билдирген.