Серж Саркисян- Армениянын жаңы премьер- министри болуп дайындалды. Мурдакы премьер Андраник Маркарян 25- мартта капылет көз жумган эле. Саркисян шаршемби күнү президенттин жарлыгы менен Коргоо министрлигинин жана Улуттук коопсуздук кеңешинин катчылыгынан бошотулду. Көпчүлүк талдоочулар Серж Саркиясянды президент Роберт Кочаряндын мураскери катары көрүшөт.
Жаңы премьер- министр болуп, кайрадан эле Армениянын Республикалык партиясы- АРПнын өкүлү дайындалары 26- мартта эле дайын болгон. Ал күнү президент Кочаряндын башкаруучу коалицияга кирген АРПнын жана “Дашнакцутюн” федерациясынын өкүлдөрү менен болгон кездешүүсүндө тараптар ушундай бүтүмгө келишкен. Ошондуктан, көпчүлүк үчүн 52 жаштагы Серж Саркисяндын премьер- министр дайындалышы күтүүсүз болбоду дейт “Азаттыктын” Еревандагы кабарчысы Армен Дулиян:
- Анын (Серж Саркисян) премьер- министр дайындалышын элдин баары күтүп жаткан. Себеби ал президенттен кийинки Армениядагы эң таасирлүү инсан, атүгүл президент Роберт Кочаряндан да таасирлүү болушу мүмкүн. Анын үстүнө Андраник Мигранян көз жумгандан кийин ал башкаруучу АРПнын төрагасы болуп шайланган болчу. Мунун баары бир гана нерсени- Саркисян Армениянын президенти болууга даярдалып жатканын билдирет.
Жаңы премьер- министрди өлкө жарандары президент Кочаряндын узак жылдардан берки жакын санаалашы жана жердеши катары билишет. Экөө тең талаштуу Тоолуу Карабахтан. Серж Саркисян 1990- жылдардын ортосунда Армениянын Коопсуздук кызматтын жана Ички иштер министрлигин жетектеген. 2000-жылдан тартып өлкөнүн Коргоо министри. Соңку жылдары Улуттук коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматын кошо аткарып жүрдү.
Ушундан улам, ал Тоолуу Карабах боюнча сүйлөшүүлөрдө президент Кочарян карманган саясаттан ныпын чегинбеси шексиз дешет талдоочулар.
Түркияда чыкчу “Түркиш Дейли Нюс” гезити келерки жылы болчу президенттик шайлоодо Саркиясындын Карабахтан экени ага кошумча добуш берет деп боолгойт. 2008- жылы Роберт Кочаряндын экинчи президенттик мөөнөтү аяктайт жана Конституция үчүнчү мөөнөткө жол бербейт.
Байкоочулар Серж Саркисяндын Москва менен жакшы байланышта экенин белгилөө менен, ал ошол эле учурда Батыш менен да жакшы мамиледе болууга умтулганына көңүл бурушат.
- Саркисян көп жактуу саясатты жүргүзгөн инсан. Мисалы, Вашингтон менен болбогон нерсе үчүн чырлашкандын кереги жок, биз АКШны колдошубуз керек деп, Ирактагы тынчтык операцияларына армян аскерлеринин катышуусун жактап чыккан. Ал ошентип Москва менен Батыш ортосунда теңдеп саясат жүргүзөт,-дейт Армен Долуян.
Баса, Серж Саркисяндын жетеги астында Армениянын куралдуу күчтөрүндө Батыш үлгүсүндөгү реформа жүргүзүлгөн.