Иракта шийиттердин радикал динаятчысы Муктада ал-Садрдын саясий кыймылы өз министрлерине өкмөттөн чыгууну буюруду. Мындай кадамы аркылуу Садрдын саясий кыймылы өлкө премьер- министри Нури ал-Малики америкалык аскерлер өлкөдөн кетүүсүнүн мөөнөтүн белгилөөсү үчүн ага кысым көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Ирак өкмөт башчысы болсо ал-Садрдын кыймылындагы министрлерден өкмөттөн кетип жатышын кубаттап, бошогон кызматтар иш билген министрлерге берилээрин билдирди.
Шийттердин радикал динаятчысы Муктада ал-Садрдын саясий блогуна ирак парламентиндеги 275 орундун 30у таандык. Ал эми өкмөттө ал-Садрдын тобунан алты министр бар болчу. Андыктан эксперттердин пикиринде, алты министрдин отставкасы Ирактын азыркы өкмөтүнүн чачырашына алып келбейт. Девид Хэртвилл Лондондогу "Janes" изилдөө тобунун Ирактагы окуяларга байкоо салган адиси:
- Узак мөөнөттөн алганда Иракта башкарып жаткан шийиттердин кыймылынын ичинен жиктелүүнү көрүшүңүз мүмкүн. Ага карабай, бул өкмөттүн кулашына же ушул сыяктуу кандайдыр бир кырдаалга алып барганга жетишсиз.
Ал эми ирак парламентиндеги "ал-Садр" фракциясынын жетекчиси Нассер ал-Рубайи Багдаддагы дүйшөмбү күнкү пресс-конференцияда алардын министрлеринин өкмөттөн кетип жатыш себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
- Эң маанилүү жүйөө - премьер-министр Нури ал-Малики ыйык Нажаф шаарындагы бир миллион демонстрантка жооп кылбагандыгы. Бул өкүнүчтүү нерсе. Тескерисинче, ал оккупациялык күчтөр өлкөдө калышын талап кылды. Ал –Малики азыркы кызматына парламенттик системанын натыйжасында жеткендиктен, ал Ирак элинин эркин чагылдырышы керек эле.
Анын айтымында, америкалык аскерлер өлкөдө кала берген шартта өкмөт кыянатчылыктарды токтото албайт.
Ал –Садр Багдад коалициялык аскерлер тарабынан алынып, Саддамдын режими кулаганын 4 жылдыгы, 9-апрелде Нажафтагы демонстрацияга он миңдеген адамдарды топтоого жетишкен эле. АКШ аскерлерин өлкөдөн чыгаруунун мөөнөтүн белгилөө чакырыктары мына ошондо айтылган. Ал- Садрдын азыркы кадамы, бир жагынан АКШ баштаган күчтөрдүн согушкерлерди тазалоо, өзгөчө Багдадда коопсуздукту күчөтүүгө багытталган операциясына жооп болушу да мүмкүн. Мурдараак Садр өзүнүн Мехди армиясынын согушкерлеринин ушул операция учурунда камакка алынышына нааразы экени кабарланган эле. Лондондогу "Janes" изилдөө борборунун эксперти Девид Хертвилл Садр келечекте кыянатчылыктар аркылуу да өкмөткө кысым көргөзүүнү күчөтүшү мүмкүн экенин жокко чыгарбайт:
- Ал колу-жону бош болушун каалоодо жана колу боштук кыянатчылыктарды күчөтүү өңдүү өзгөчө чечимдерди да камтышы мүмкүн. Ал муну,маселен, Мехди армиясы америкалыктар тарабынан атайлап бутага алынганын сезсе күчөтүшү ыктымал.
Ирактын премьер-министри ал-Малики АКШ администрациясы менен тыгыз алака түзгөнүнө нааразы болгон Садрдын саясий кымылынын депутаттары парламент ишин быйыл январга чейин эки ай бойкоттошкон эле. Садрдын Мехди армиясын америкалык расмий өкүлдөр Ирактын коопсуздугуна чоң коркунуч келтирген күчтөрдүн бири катары мүнөздөп жүрөт. Алар 2004-жылы АКШ аскерлерин каршы эки ирээт козголоң чыгарган.