Өзбекстан эгемендүүлүгүнүн кезектеги жылдыгын 1-сентябрда белгиледи. Өлкөнүн өзүндө да, тышта да көпчүлүк президент Ислам Каримов бул ирээт ушул жылдын күтүлүп жаткан башкы окуясы - президенттик шайлоо жөнүндө айтат деп күткөн эле. Бирок өз сөзүндө Ислам Каримов бул маселеге түздөн-түз кайрылбады, анткен менен президенттин айткандары ал Конституция тыюу салганына карабай, бийликтен кетпесин каңкуулоодо.
Эгемендиктин он алты жылдыгына арналган салтанатта Ислам Каримов өзгөчө өлкөсү "өтө кыска мезгилдин" аралыгында жетишкен ийгиликтерге токтолду. Анткен сөзүнүн көбүн келечектин маселелерине арнады. Ал эми өзбек Конституциясына ылайык, келечекте Каримовдун кызмат мөөнөтү аяктап, өлкөнү жаңы президент башкарышы абзел. Бирок Каримовдун сөздөрү, жакынкы айларда бийликтен чегинүүчү адамдыкындай таасир калтырбайт:
- Бүгүн алдыбызда турган олуттуу жана чукул милдет – соңку мезгилде биз жетишкен потенциалды натыйжалуу пайдалануу, баардык күч- кудуретибизди изги тилектер, максаттарыбызды ишке ашыруу үчүн жумшоо. Бул тууралуу айтканда, менимче, төмөнкүлөргө көңүл буруу керек: биринчиден, ийгиликтер менен жетишкендиктерибизди сынчыл көз карашта баалоо. Ага маашырланбоо үчүн алдыбызга бийик жана узак мөөнөтүү милдеттерди коюу. Эң башкысы элибиздин жашоо шартын жана бакутбатчылыгын көтөрүү ар убак көңүл борборубузда турушу зарыл.
Айтор президент Ислам Каримов сөзүнүн бир бөлүгүндө калкка насаат айтуу жана жетекчилик жаңы чектерди багындарына элди ишендирүү аракетин көздөгөндөй. Ал эми экинчи бөлүгү конкреттүүрөөк болду жана декабрдагы шайлоого карабай бийликте кала турган адамдын пландарын ачыктагансыды. Маселен элдин жашоо –шартын жакшыртуу үчүн Каримов жогорудагы иштер аркарылыш керектигин белгиледи:
-Бул үчүн экономиканын динамикалуу жана стабилдүү өнүгүшүн камсыздоо, күчтүү социалдык саясатты ишке ашыруу, жаш үй-бүлөлөрдү колдоо, алдыдагы үч жылда айылык акылардын пенсиянын, жөлөк пулдун өлчөмүн эки, эки жарым эсеге көтөрүү биз артыкчылык берген милдет болушу абзел.
Жогорудагы сөзүнө караганда, Ислам Каримов кеминде алдыдагы үч жылды эскепке алууда. Ал эми анын экинчи жана соңку президенттик мөөнөтү быйыл январда эле аяктады. Буга чейин ал бийлик укугун референдум жолу менен эки ирээт 1995 жана 2002-жылдары узарткан эле. Быйыл жыл башында расмий Ташкент соңку референдум президентке быйыл жыл соңуна чейин бийликте калууга уруксат берет, Конституцияга ылайык шайлоо декабрдын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлүшү керек деп тапкан.
Бирок өлкөдө мындай маанилүү саясий өнөктүккө кандайдыр бир даярдыктын белгиси байкалбайт. Конституция боюнча эгер шайлоо 23-декабрда өткөрүлсө, андан үч ай эрте, демек 23-сентябрдан кечикпей жарыяланышы абзел.
Азырынча Өзбекстандын өзүндө жашагандардан шайлоого катышарын эч бир жан айта элек. Соңку президенттик шайлоо 2000-жылы 9-январда болгон. Ал өтөөрү тууралуу 1999-жылдын 19-августунда жарыяланган эле.