Бүгүн Россияда маанилүү өкмөттүк жана экономикалык кызматтардын башында коопсуздук кызматынын мурдакы жана аракеттеги бийик даражалуу офицерлери же эл ичинде айтылгандай “силовиктер” турат. Күтүүсүздөн премьер- министрликтен кеткен Михаил Фрадковдун ордуна да келген Виктор Зубков мурда чалгындоо кызматында иштеген эмес. Бирок, ал өлкөдөгү бардык финансылык операциялардын үстүнөн байкоо жүргүзгөн Финансылык көзөмөл кызматын биринчи күндөн жетектеген.
“Силовиктер” деп аталган топ 2000- жылы Владимир Путин мамлекет башына келгенден кийин пайда болду. Эксперттердин эсебине караганда, бул топтун өзөгүн Путин менен мурдакы советтик КГБда жана Россиянын Федералдык коопсуздук кызматында чогуу иштешкен 6 миң чамалуу офицер түзөт. 2004- жылы Путин экинчи мөөнөткө президент шайлангандан бери “силовиктердин” таасири дагы өстү. Алардын айрым көрүнүктүүлөрүн атай кетсек, премьер- министрдин биринчи орун басары, Путиндин мураскерлеринин бири эсептелген Сергей Иванов Тышкы чалгындоо кызматынын отставкадагы генерал- полковниги. Ички иштер министрлигин, Бажы жана Миграция кызматтарын, Россиянын Коопсуздук кеңешин коопсуздук кызматынын генералдары жетектейт.
Мурдакы совет доорунда Юрий Андропов бийликке келгенде кыгыбычылардын мансабы көтөрүлгөн. Бирок, “Азаттыктын” эксперти Виктор Ясманндын айтымында, советтик КГБда «силовиктердикиндей” чексиз бийлик жок болгон:
-КГБ ал кезде Компартиянын “айт” дегенди алчу жасоолу болгон. Анын ишмердүүлүгү 5 миңдей кызматтык жана партиялык жол- жоболор, коммунисттик идеология менен тескелип турган. Азыр «силовиктердин” колун байлаган эч нерсе жок. Азыркы КГБны не идеология, не бийлик, не партиялык документтер чектебейт жана алар эмне каалаганын жасайм десе, колу бош.
Акыркы жылдары “силовиктер” кланы саясый жана өкмөттүк түзүмдөргө катар экономикада да маанилүү жетекчи орундарды ээлей башташты. 2001- жылдан бери мунай тармагындагы ишканалардын 44 проценти өкмөттүк менчикке кайтарылды. Серепчилер арасында “байлыкты кайра бөлүштүрүү” деп аталган бул жараян “силовиктердин” түздөн түз катышуусу менен өттү. Өнөктүк 2004- жылы Михаил Ходорковский башындагы “ЮКОСту” күчтөп кайра менчиктештирүүдөн башталган. Ошондо чоң үлүш тийген “Роснефть” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы “силовиктер” тобунун ана башы, путиндин жардамчысы Игорь Сечин. Ал өз карьерасын Тышкы чалгындоо кызматында баштаган. “Роснефть” азыр Россиядагы эң чоң мунай өндүрүүчү саналат.
Россиялык “силовиктер” ушу тапта экономиканын негизги тармактарында мамлекет контролдогон ири корпорацияларды түзүшүүдө. Май айында жарандык жана аскерий учактарды жасоочу “МиГ”, Сухой” жана “Туполев” ишканалары бир килейген корпорацияга бириктирилди. Жаңы корпорацияны баягы эле Сергей Иванов жетектейт. Эки айдан соң жүк ташуучу бардык деңиз компаниялары да бириктирилип, аны келечектүү саналган вице- премьер Сергей Нарышкин жетектеп калды. “Коммерсант” басылмасы жазганга караганда, Нарышкин КГБнын тышкы чалгындоо борборунда Путин менен бир группада окуган.