ПУШТУН ЭЛИ ТЫНЧТЫККА УМТУЛУУ АРАКЕТИНДЕ

37 жаштагы Амир Хайдерхан Хоти жакында Пакистандагы эң бир оор кызматтардын бирине келгени жатат. 18-февралдагы парламенттик шайлоодо анын секулярдык улутчул Авами Элдик партиясы бир топ мандаттарды утуп алгандан кийин, Хоти радикал экстремисттик күчтөрдүн уюткусу саналган Tүндүк-Батыш Чек ара провинциясына мамлекеттик министр болуп дайындалды. “Азаттыктын” ооган кызматына берген маегинде Хоти талибдер менен “ал-Каидачыл” козголоң күч алып жатканына карабастан, тынчтыкты жана коопсуздуктук бекемдөөгө убада кылды. Маекти Жаңыл Жусубжан даярдады. Биринчи суроо акимдин жаңы ишиндеги башкы милдеттер туурасында болду.
Амир Хайдерхан Хоти: -Алдыда көп кыйынчылыктар бар, бирок баарынан да коопсуздук маселеси маанилүү. Биздин аймактагы кырдаал акыркы жылдары айрыкча курчуп кетти. Бул пуштун элинин башына мүшкүл салды. Ошондуктан биз ата-журтубузда тынчтыкты жана коопсуздукгу калыбына келтирүү үчүн бардык аракетибизди жасайбыз.

“Азаттык”: - Бул максатка кайсы жолдор менен барасыңар?

Амир Хайдерхан Хоти: -Биздин максаттарыбыз айдан ачык. Биз сүйлөшүүлөр, уруу кеңештери жана диалог аркылуу аракеттенебиз.

“Азаттык”: -Бирок Пакистан өкмөтү буга чейин да талибдер менен сүйлөшүп, 2004-жылы, 2005-2006-жылдары тынчтык келишимдерине кол коюшкан, бирок козголоң маселесинде өзгөрүү болгон жок. Азыркы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгаарына кантип ишенсек болот?

Амир Хайдерхан Хоти: -Ал сүйлөшүүлөр жана уруулар кеңештери жаатында катачылыктар кетирилген. Аллах кааласа, биз ал каталардан таалим алып, мындай кемчиликтерди кайталабаганга аракет кылабыз. Биз калктын, уруу аксакалдарынын жана динаятчылардын ишеними менен аракеттенебиз.

“Азаттык”: -Силердин партия коогалаңдуу Сват аймагында ири жеңишке жетишти. Бул маанилүү аймактагы кырдаалды кандай жолдор менен жөнгө саласыңар?

Амир Хайдерхан Хоти: -Биз Сваттагы кырдаалга байланыштуу кеңири кеңеш-таңаш иштерин баштадык. Парламенттин мүчөлөрү менен талкуу жүргүзүп, аксакалдар менен жыйын өткөрдүк. Аллах кааласа, биз Сватта сүйлөшүү жана уруу кеңештери менен талкууларды баштайбыз.

“Азаттык” : -Тилекке каршы, пуштундарды бүгүн дүйнөдө согуш дегенде жантыгынан жата калган эл деп билишет. Буга кандай деп жооп берет элеңер?

Амир Хайдерхан Хоти: -Пуштундар тынчтыкты сүйгөн эл, бирок тилекке каршы алар бөтөн бирөөлөрдүн согушунун капканында калышты. Бүгүн ар бир пуштун тынчтык болсо экен, тынч болсо экен деп тилейт.

Сүрөт img.travel.ru интернет баракчасынан алынды