Коомчулук Эшимканов менен коштошту
Мелис Эшимканов менен коштошуу аземи 18-сентябрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтүп, ага 5 миңдин тегерегиндеги адам катышты.
Сүйлөгөндөр Эшимкановдун инсандык өзгөчөлүгүн, коомдук саясий ишмердүүлүгүн ар башкача белгилеп жатышты.
Кеттиң Мелис, бизден тажап качкандай, Жарык дүйнө, жашоо калды аккан жай.
Акыркы сапарга узатуу иш-чарасын атайын мамлекеттик комиссия уюштуруп, ага мамлекеттик ишмер катары урмат-сый көрсөтүлдү.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрындагы коштошуу иш-чарасынан соң Эшимкановдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө асманга ок атылып, урмат-сый менен жерге берилди.
Баары калды, асыл тоолор аккандар. Балаң калды, жарың калды ак маңдай.
Акыркы сапарга узатуу иш-чарасын атайын мамлекеттик комиссия уюштуруп, ага мамлекеттик ишмер катары урмат-сый көрсөтүлдү.
Замандаштары жана кесиптештери Эшимкановдун кыргыз коомун алдыга сүрөгөн, демократиялык баалуулуктарды жайылткан инсан болгонун белгилешүүдө.
18-сентябрда белгилүү журналист, коомдук-саясий ишмер Мелис Эшимкановдун сөөгү борбордогу Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Акыркы сапарга узатуу иш-чарасын атайын мамлекеттик комиссия уюштуруп, ага мамлекеттик ишмер катары урмат-сый көрсөтүлдү.
Мелис Эшимкановдун замандаштары анын кыргыз журналистикасына, сөз эркиндигине жана демократиялык өнүгүүгө кошкон салымын өзгөчө баалап жатышат.
Көргөн-билген көзү өттү деп угушат, Көр башында көптөр муңдап турушат.