Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларынын айтымында, топтолгон таштандылар эң тез дегенде эки аптада бир жолу тазаланат.
Таштандыга толгон Кызыл-Кыя
Таштандыга толгон жайлардын бири Кызыл-Кыя шаардык санэпидстанциясы менен мектеп имараттарынын жанында жайгашкан.
Убагында алынбаган таштандылар шамалда учуп, көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна толуп калган.
Апталап алынбай калган таштанды жайлар шаардын чок ортосу экенине карабай чымын-чиркейге жык толгон.
Кызыл-Кыя шаарында 50 миңдей эл жашайт. Шаардын таштанды үчүн акы төлөгөн 12 миң абоненти бар.
Кызыл-Кыяда таштанды контейнерлери коюлган эмес. Анткени контейнерлерди бошото турган атайын техникасы жок экен.