Ош: Дачада суу алтынга тете

Дарыядан алынган суунун кири идиштин түбүнө ушинтип тунуп калат.

Ак-Буура дарыясынан Араван тарапка карай аккан каналдан жүзгө чукул насосту көрүүгө болот.

Дачадагы ар бир үйдө ушундай "суу сактагыч" бар. Аны насос менен каналдан тартылган суу келген учурда толтуруп алышат.

Айылдагы беш-алты үйгө бир насос.

Маал-маалы менен суу алганы чыккан өспүрүмдөр каналга агып кеткен учурлар катталып турат.

Каналдагы чарпалектердин бири.

Ош шаарынын түштүк тарабында жайгашкан Дача айылы Ош шаарынын карамагына 2013-жылы өткөн. Шаар бийлиги айылга Курманжан-Датка-2 деген атты жакында берди. 

Дача айылынын бир бөлүгүнө быйыл суу бериле баштады. Бирок 5 миңдей эл жашаган айылдын баары таза суу менен толук камсыз боло элек.

Жогору карай соймоңдогон ар бир түтүк жогорудагы беш-алты үйгө каналдагы сууну жеткирет.

Суу насосу аптасына эки жолу бир сааттай иштейт. Ал үчүн айылдыктар ай сайын 50-60 сомдон төлөшөт.

Суу насосторунун бир жолку ремонту 7-8 миңден 130 миң сомго чейин бааланат.

Суу насосун каналдын бардын жеринен жолуктурууга болот.

Бул апа 75 жашта. Айылдагы аты Бажы экен. Документте Болдукан деп жазылган. 2000-жылы Кара-Кулжанын Алайкуу өрөөнүнөн биротоло көчүп келгенден бери орус кошуналары менен тамашалашканды өздөштүрүп алган.

Кыязбек Исмаилов 2000-жылдан бери Дачада жашайт. Ош улуттук драма театрында электрик болуп иштеген Кыязбек Исмаилов Дачага келип, суу насосторун оңдоп калган. Дачадагы суу насосторунун "кесели" анча олуттуу болбосо Кыязбек өзү оңдой берет. Бирок анын акысы оозеки ыраазычылык айтуу менен гана бааланат.

Бул суунасостор да кышында иштебейт. Анткени эл суу тоңуп калса, түтүктөр жарылып кетет деп коркушат.

Каналдан алынган суу менен таза суу кадимкидей айырмаланат.

Айрым автоунаасы барлар таза сууну шаардан ташып ичишет.

Мындай суу тазалагычтарды Дачадагы ар бир үйдө бар дегенге болбойт.

Эл кышкысын сууну шаардан ташып ичет.

Дачада жашаган эркектердин көбү суу насосторун өздөрү оңдой салчу уста болуп калышкан.