"Бактылуу балалык белек кылгыла"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Бүгүн жарандык активисттер Жогорку Кеңештин алдында “Бактылуу балалыкты белек кылгыла” деп аталган акция өткөрүшмөк. Бирок коопсуздук чараларынан улам акцияны уюштурууну кийинкиге калтырышты. Ошентсе да активисттер айрым депутаттарга өз талаптарын айтууга жетишти. Алар негизи жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салуу боюнча мыйзамга каршы чыккан депутаттарга нааразылык билдирген флэш-моб уюштурууну көздөшкөн.