Түптөгү эл эмнеге нааразы?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
1-апрелде Түп районундагы Ысык-Көл айылынын тургундары Жамангул Тойгонбаев атындагы лицейдин жатаканасын обсервациялык жай кылууга каршы митингге чыгышты. Ал эми түнкүсүн аталган имараттын терезелерин белгисиз адамдар талкалап кеткен. Ысык-Көл облустук милициясы окуя боюнча сотко чейинки териштирүү башталганын билдирди.