Москвада "Россия сегодня" мамлекеттик маалымат агенттигинин аткаруучу директору, орус президент Владимир Путиндин алдындагы адам укуктары кеңешинин мүчөсү Кирилл Вышинский кайтыш болду.
Бул тууралуу "Россия сегодня" агенттигине кирген РИА Новости жазып чыкты. 58 жаштагы Вышинский узакка созулган оорудан улам көз жумганы айтылды.
Ал Украинанын Днепропетровск (азыркы Днепр) шаарында туулуп, Орусиянын ВГТРК каналынын бөлүмүндө, кийин РИА Новости Украинада иштеген. 2018-жылы мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып камалган. Украин тарап аны Орусиянын пропагандасын жайылтып, РИА Новостиде антиукраиналык материалдарды таратууда кызматташкан деп айыптаган.
Вышинский бул айыпты четке каккан. Орусияда анын камалышы кеңири чагылдырылып, муну журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырган саясат кеңири жүргөн.
Эл аралык журналисттик уюмдар аны бошотууга чакырышкан.
2019-жылы Вышинский туткундар менен алмашылган. Ал кезде алмашуу азыркы украин президенти Владимир Зеленский бийлик тизгинин колго алгандан көп өтпөй ишке ашкан. Орус бийлиги анда Вышинскийдин ордуна бир нече украиналык саясий туткунду, анын ичинде кинорежиссер Олег Сенцовду абактан бошотуп, Украинага өткөрүп берген.
Орусияда Вышинский мамлекеттик медиаларга дароо эле жетекчилик кызматтарга коюлган, "Россия сегоднянын" аткаруучу директору болгон, 2023-жылдын октябрында ал Sputnik радиосунун башкы редактору болуп да дайындалган. Орусиянын мамлекеттик телеканалында Вышинский согуш башталганга чейин "Кадимки Украина" деген программаны алып барган.
Ал кезде шоудо пикир билдирген украиналыктар программанын журналисттери "украиналык медиаданбыз" деп алдап комментарий алганын айтышканын Би-би-си жазып чыккан.
2022-жылы Вышинский Орусиянын Украинага басып киришин колдогон, 2024-жылдагы президенттик шайлоодо Путиндин ишенимдүү өкүлү болгон.