Өкмөт чет элдик жарандарга бериле турган эмгек квотаны көбөйттү

Кыргызстанда тигүү цехинде иштеп жаткан мигранттар. Архив.

Министрлер кабинети чет элдик жарандарга Кыргызстанга келип иштөөгө берилген квотаны көбөйттү.

Өкмөттүн тиешелүү тескемесине ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдарга 42 миң квота берилди. 2024-жылы Кыргызстанга келип иштейм деген чет элдиктерге 25 миң квота бекитилген.

Кыргызстанда соңку жылдары Индиядан, Пакистандан, Бангладештен келген эмгек мигранттары көбөйдү. Алардын көпчүлүгү курулуш, тейлөө жана тигүү цехтеринде эмгектенет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 21-майда мыйзамсыз миграцияга байланыштуу жыйын өткөрүп, анда өлкөдө 5 миңдей мигрант тиешелүү документтери, уруксаты жок жүргөнүн айткан.

Кийин УКМК жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн бир нече мигранттарды аныктаган. (BTo)

Дагы караңыз

Ташиев Бишкек шаардык сотунун үч судьясы кызматтан кеткенин айттыКыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машинелерге электрондук кезек киргизилетУкраинанын Сумы облусуна, Орусиянын Москва шаарына дрон чабуулу болду Бишкектеги соода борборунда бир кыз кулап, каза болдуБишкекте Ататүрк паркын оңдоп-түзөө иши башталат