Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде оор жүк ташыга автоунааларга электрондук кезек киргизилерин билдирди. Бул тууралуу ал Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин Бишкекке жасаган расмий сапарында кол коюлган документтер тууралуу комментарий берип жатып айтты.
Анын сөзүнө караганда, долбоор ишке ашса айдоочулар чек ара бекетине бир-эки күн эрте келип күтпөй электрондук кезекке турат жана кезеги жеткенде посттон өтөт. Электрондук кезек качан иштеп баштайт азырынча белгисиз.
“Биздин чек араларда эми электрондук кезек деген түшүнүк пайда болот. Азыр Токмоктогу жана башка өткөрүү пунктарында узун кезектерди көрүп жатабыз, ошолорду жоюу үчүн биздин эки модуль - чек ара аймагындагы оператору болуп салык кызматтары эсептелет. Мындан ары кичи жана чакан ишкерлерге, жүк ташуучуларга жана бизнестегилерге жеңилдик болот”, - деди ал.
22-августта Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке болгон расмий сапарында Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы менен Казакстандын Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосунда меморандумдарга кол коюлган.
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги утур-утур болуп турат. Өзгөчө Чүйдөгү “Ак-Тилек” бекетинде айдоочулар жүгүн Казакстанга өткөрүүдө маселе көп жаралат.
Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда жалпы беш көзөмөл-өткөрмө бекети бар. Чүй облусунда “Ак-Тилек”, “Чалдыбар”, “Ак-Жол” жана Талас облусунда “Чоң-Капка” өткөрмө бекеттери иштейт. (BTo)
Шерине