Милиция Көк-Жардагы 172-контурдагы жер үлүштөрү майда тилкелерге мыйзамсыз бөлүнүп, жеке турак жай курулушу үчүн деп сатылганы аныкталганын билдирди.
Аталган контурга түшкөн 385 турак жайдын теңинен көбү мыйзамдаштырууга жатпай турганын Октябрь райондук муниципалдык администрациясы эскертүүдө.
Ал арада жаңы конуштун тургундары үйлөрү түрттүрүлүп кетсе кайда барабыз деп кабатыр.
Шайыргүл Эшенкулова Көк-Жар конушунун 172-контурундагы жер тилкесин 2019-жылы сатып алган. Ал 2022-жылы салган үйүндө азыр алты баласы менен жашайт. Ушул тапта турак жайы жер мунапысына илинбей калып, арасат абалда турат.
"Бизден кийин алгандардын акчасы бар экен, дароо үй салып, мунапыска илешип калды. Биз ошол эле маалда алганбыз, бирок акчага байланыштуу алардан кийинчерээк салып калып, мунапыска илинбей калдык. Адилетсиздик да", - дейт Шайыргүл.
Тургундардын бири Аман Кудайберди уулу жерин алган тушта сатуучулардын "документтер жасалып жатат" деген сөзүнө ишенгенин айтууда:
"Жерди саткандар бизге "12 инстанциядан өттү, мына, документтер бүтөт" деди. Анан биз ошого ишенип эле сатып алдык".
Былтыр аймактык административдик реформанын негизинде 172-контур шаардын карамагына, Октябрь районуна кошулган.
Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын маалыматында, Кок-Жар конушунун 172-контуруна түшкөн 385 турак жайдын 149уна гана кызыл китеп берилет, 292си мыйзамдаштырууга жатпайт.
Шаар бийлиги 2021-жылдын 31-декабрына чейин курулган үйлөр гана мыйзамдашарын кабарлап, Көк-Жар жаңы конушундагы бул үйлөр 2021-жылдан кийин салынганын билдирген.
"Эгер мыйзам боюнча ал жерге үй салбаш керек болсо, анда үй салынбаш керек да. Түрттүрүлүп бузулабы же жаран өзү бузуп кетеби, ал өзүнүн иши. Бирок ал жерде үй болбошу керек, болду. 292 үй мунапыска илинбейт. 149у гана илинет", - дейт Бишкек шаарынын Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Маратбек Турсунов.
172-контурдагы Горький жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде 50 гектардан ашуун ээн жаткан талаа бар. Ал жактагы жер тилкелери 1995-1997-жылдары Көк-Жар айылынын тургундарына үлүш жер катары бөлүнүп берилгенин, бирок айыл чарба багытындагы жерге суу жетпегендиктен эч нерсе эге албай калганын үлүш ээлеринин бири Алмаз Жумаев айтып берди. Ал бош жаткан жер тилкелери трансформацияланбай турган болсо, аны мамлекет өзүнө алып койбойбу деп бушайман:
"Президентке, анын администрациясына чейин бардык. Болгон жерге каттарды жөнөттүк. Башкы планды күтөсүңөр деген жооп. Бул жакта ар кандай "алып коюшу мүмкүн" деген ушактар чыгып атат. Азыр биз мыйзамды бузбай, башкы планды күтүп жатабыз".
Октябрь райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Маратбек Турсунов учурда Бишкек шаарынын башкы планы түзүлүп жатканын, анын алкагында бардык арсар абалдагы жер тилкелеринин статусу аныкталарын билдирди:
"Жерлерди мыйзам боюнча алып койсо болот. Алып койгонго дагы себептер бар да. Мыйзамда жер айыл чарба багытында колдонулсун деп жазылдыбы, демек, ошол багытта гана колдонулушу керек. Азыр эми "суу келбей калды" деген бул жөн эле себеп".
Жарандык активист Мавлян Аскарбеков жер мафиясын токтотуп, ошол эле маалда алардын айынан жабыр тарткан жарандар дагы көчөдө калбашы үчүн ар бир учур боюнча атайын комиссия иштеши керек деп эсептейт:
"Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жүздөгөн жер менен алектенген атайын жер мафиясы - "гектарщиктер", "дольщиктер" бар. Ошолордун айынан бүтүндөй мамлекет чоң запкы көрүп жатат. Он миңдеген биздин карапайым жарандар, мигранттар, анын ичинде мен дагы чет өлкөдө иштеп жүргөндө ушул жактагы шылуундарга акчамды салып, алданып калгам. Ошол эле учурда мен Биринчи Май администрациясында иштеп, жер маселесин караган адам катары дагы айтып кетким келет, жер мафиясын түп орду менен жок кылмайынча бул көйгөй токтобойт. Жер мафиясынын анабашчыларынын бир тобу Жогорку Кеңешке чейин жетишкен".
Бишкек милициясы борбор калаадагы Көк-Жар конушундагы ири жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталганын кабарлап, мурда Көк-Жар айыл аймагынын башчысы болуп турган, азыркы Ноокат районунун акимин камакка алды.
“Көк-Жар айыл аймагынын №172 контурунда мыйзамсыз турак жай курулуштары массалык түрдө жүргүзүлүп, электр мамычалары орнотулуп, суу түтүктөрү тартылып жана жолдорго шагыл төшөлгөн. Бул мыйзамсыз курулуштардын кесепетинен айдоо жерлердин кыртышына олуттуу зыян келтирилип, мамлекетке 2 миллиард сомдон ашык көлөмдө материалдык чыгым келтирилгени аныкталган”, - деп айтылат шаардык милициянын маалыматында.
Камакка алынган жетекчинин тарапкерлери же адвокаты азырынча маалымат бере элек.
2021-жылы апрелде жер мунапысы жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Анда ошол жылдын аягына чейин документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган. Бирок жер тилкелерин 2021-жылга чейин сатып алып, үй тургузууга жетишпей калгандарынын маселеси чечилбей келет.
"Мыйзам боюнча 292 үй сүрдүрүлүшү керек. Бирок, эгер акыйкаттык жагынан карасак, эгер үйлөр шахматтык түрдө легалдашкан, мыйзамдашкан үйлөрдүн арасында болсо, анда сөзсүз мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен, комиссиянын чечими менен, президенттин макулдугу менен мыйзамдаштырылышы керек. Бир үй мыйзамдаштырылса, жанындагысы калып калса, кандай логика, кандай калыстык болот?", - дейт жарандык активист Мавлян Аскарбеков.
19-сентябрда Бишкек милициясы 172-контурдагы жер сатууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен жети адам кармалганын кабарлаган.
11-августта ушул эле контурда айдоо жерлерине мыйзамсыз турак үйлөрдү курууга уруксат берген деген шек менен төрт адам - Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы, Көк-Жардын мурдагы айыл өкмөтү (М.К.), Бишкек шаарынын мэриясына караштуу аза кызматын көрсөтүү мекемесинин директору (Д.Э.) жана Аламүдүн райондук Мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн мурдагы башчысы (А.Н.) кармалганын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирген. Аларга да Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган.
Өлкөдө миңдеген гектар жер кагазда айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен иш жүзүндө там салынып, ондогон конуш пайда болгон. Алардын көбүн жарандар 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин колдон колго өтүп, сатылып кетсе, айрым үлүш жерлердин ээлери аянтты бир нече участокко бөлүп, сатып жиберишкен.
Шерине