Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:10

Жер мунапысы: Бишкекте дагы 900дөй үйдүн жери мыйзамдаштырылды, 1400 үйдүкү каралууда


Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушу. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин Ак-Ордо жаңы конушу. Иллюстрациялык сүрөт.

Жер мунапысы жөнүндө мыйзамдын алкагында алкагында Бишкек шаарында дагы 973 үйдүн жер тилкелери мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы кабарлады.

Мунун ичинен өзүм билемдик менен көрүстөндөргө жакын курулган жеке турак үйлөргө карата санитардык-коргоо зонасы 50 метрден 10 метрге чейин кыскартылып 573 турак жайды мыйзамдаштыруу маселеси чечилген. Темир жолдордун коргоо зонасына тиешелүү ченемдер жер мунапысынын объекттерине жайылтылбагандыктан, 100 ашык үйлөр мыйзамдаштырылган. Ошондой эле “Үмүт” конушунда саркынды суулардын коргоо зонасындагы 300 турак жайдын мыйзамдаштыруу маселеси чечилген.

Мындан сырткары кызыл сызык сыртына чыгып калган жер тилкелерине шаар куруу кеңешмесинин чечимине ылайык 1418 турак жайды мыйзамдаштыруу жумуштары жүргүзүлүүдө.

Тиешелүү маселе мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегия жыйынында көтөрүлдү. Бул боюнча маалыматтарды мэрдин орун басары Азамат Кадыров берди.

Маалыматка ылайык, курулуш кортундуларын алуу жана менчик укуктарын каттоо иштери шаардын эски чектеринде 1-ноябрга чейин, жаңы чектерде 31-декабрына чейин аяктайт.

2021-жылы 5-апрелде мурдараак мыйзамсыз ээленген жер тилкелерине мунапыс берүүчү “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-декабрына чейинки документи жок, бирок үй салынып калган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу каралган.

2025-жылдын июнь айындагы маалыматка ылайык, ошондон берки аралыкта жер мунапысы боюнча республикалык комиссияга Кыргызстандын бардык аймактарында 170 миңден ашуун арыз түшүп, анын 56% мыйзамдаштырылган. 25 миңден ашуун арыз түрдүү себептер менен артка кайтарылган.

Бишкекте аталган комиссияга 30 006 арыз түшкөн, анын 12 630 коомдук талкууга коюлган. Жыйынтыгында 6466 үйгө паспорт, 3606 жер тилкесине "Кызыл китеп" берилген. (ErN)

Шерине

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG