Сот Карасартованын ишин жабык кароо чечимин чыгарганы белгилүү болду

Рита Карасартова сот залында.

25-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча кезектеги соттук жараян болуп, ишти кароонун тартиби бекитилди.

Бул тууралуу укук коргоочунун адвокаты Жаныш Бараков билдирди. Анын сөзүнө караганда, айыпталуучулардын бири ден соолугуна байланыштуу сотко келбей калгандыктан анын иши өзүнчө бөлүнүп, жараян кийинкиге жылдырылды. Мындан ары аптанын ар шейшемби жана бейшемби күндөрү соттук отурум болот.

“Бул иш боюнча мен коргоп жаткан Рита Рахман (Рита Карасартова) жана дагы үч айыпталуучу бар. Судья ишти өндүрүшкө алгандан кийин сотту жабык өткөрүү чечимин чыгарган. Себеби, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы кылмыш ишин тергөөдө “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам биз материал менен толук таанышпай, болгону корутунду бөлүгүн гана окудук. Биз ага макул эсеспиз. Ошондуктан мен сотту башынан аягына чейин же жок дегенде айрым учурларда ачык өткөрүү тууралуу өтүнүч даярдадым. Ал өтүнүчтү кийинки соттук отурумда берем”, - деди адвокат.

Рита Карасартова жана коомчулукка азырынча аты-жөнү белгисиз дагы үч адамдын ишине байланыштуу соттук отурум 9-сентябрда уланат.

Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат. Рита Карасартова кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.

Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Орусияда догдурларды полиси жок мигранттар тууралуу билдирип турууга милдеттендирген мыйзам сунушталдыУкраина Донецк облусундагы бир нече айыл орус армиясынан бошотулганын билдирдиИзраилдин аба соккусунан Газада 20 киши каза тапты, арасында журналисттер бар Тууганы зордуктаганы айтылган 4 жашар кыздын апасы арыз жазуудан баш тарттыКыргыз-тажик делегациялары өз ара сооданы көбөйтүүнү талкуулаштыРавшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча агенттикке кайра директор болдуКыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машинелерге электрондук кезек киргизилет