Кыргызстанда жети айда 9,24 млрд кВт/саат электр жарыгы өндүрүлдү

"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2025-жылы электр энергияны керектөө 18,9 млрд кВт/саат болот деп эсептелсе, электр жарыгын өндүрүү жети айда 9,24 млрд кВт/саатты түздү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2025-2026-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү бүгүнкү күндө 11,03 млрд метр кубду түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз. Өкмөт эксперттер суунун агымына карата көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн экенин айтып жатканын билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 250,4 миң тонна көмүрдүн, 3,9 миң тонна мазуттун калдыгы бар. Бишкек жана Ош шаарларынын ЖЭБтерине 27,5 миң тонна мазут керектелет.

Өлкөдө өндүрүлгөн электр энергия керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам Кыргызстан жыл сайын 3 млрд кВт/сааттан ашык электр жарыгын Түркмөнстандан, Өзбекстандан, Казакстандан жана Орусиядан сатып алат. Быйыл канча көлөмдү жана кайсы өлкөлөрдөн импорт кылары айтыла элек. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт “Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкарууну узарттыӨзгөндө мал сарай өрттөнүп, эки жашар наристе чарчап калдыКыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машинелерге электрондук кезек киргизилетИзраилдин аба соккусунан Газада 20 киши каза тапты, арасында журналисттер бар Сот Карасартованын ишин жабык кароо чечимин чыгарганы белгилүү болдуМаданият министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголдуКой-Таш иши: Атамбаев менен Шадиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү