“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы Бишкек-Балыкчы каттамында поездде чет элдик жүргүнчүгө орой мамиле кылып, этиканы сактабаганы үчүн коштоочу Максат Рахматовго катуу сөгүш берилип, кызматтан бошотулганын билдирди.
26-августта социалдык тармактарда поезддин ичинде турист кызга орун бошотууну талап кылган кызматкер орой мамиле кылганы тартылган видео тараган. Интернет колдонуучулар кызматкерге чара көрүүнү талап кылышкан. Окуя 8-августта болгону белгилүү болду.
Жыл сайын жай айларында Бишкек-Балыкчы багытындагы поезд каттамы жанданат. Андагы панорамалык терезелери бар Люкс, ВИП вагондорго жергиликтүүлөр жана туристтер көп түшөт.
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы темир жолу аркылуу жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу милдетин аткарат. Жыл сайын кыргыз темир жолу аркылуу 7 млн тоннадан ашык жүк ташылып турат. (BTo)