Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

УКМК “Хизб ут-Тахрирдин” 16 мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартканын билдирди


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында жана Сузак районунда “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун 16 мүчөсү 22-августта, жума намазында эл алдында экстремисттик идеологиядан баш тартканын билдирди.

Алар 2024-жылдын декабрь айында кармалып, 2025-жылдын май айында аларга соттук айыптоо өкүмдөрү чыгып, айып пул салынган.

УКМК алар буга чейин өздөрүн “Хизб ут-Тахрирдин” мүчөлөрү деп тааныштырып, экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында өздөрү жашаган аймактарда жума сайын жашыруун диний сабактарды өткөрүп келишкенин кошумчалады.

Атайын кызмат жарандарды Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертип келет.

Ушул тапта Кыргызстанда соттун чечими менен террорчул жана экстремисттик уюм катары ишине тыюу салынган диний бирикмелер: “Аль-Каида”, “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы”, “Күрт элдик конгресси” (Конгра-Эль), “Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами” (Ислам боштондук партиясы), “Жихад тобу” (Ислам жихадынын бирикмеси), “Түркстан Ислам партиясы” (Өзбекстан Ислам кыймылы), “Мун чиркөөсү”, “Жайшүл-Махди” (Махдинин аскери), “Жундь-Аль халифат”, “Ансаруллох” (Алланын жардамчлары), “Ат-Такфирваль-хижра”, “Акромия”, “Саид Бурятскийдин (А. Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү”, “Ишим – Ирак, Шам Ислам мамлекети” (ИГИЛ), “Жабхат Ан-Нусра” (Жеңиш фронту), “Катибат Аль-Имам Аль-Бухари” (Имам бухарий батальону), “Жаннат Ошиклари” (Бейишке умтулгандар), “Жамаат Ат-Таухид валь-жихад” жана “Йакын инкар”. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG