Маданият министрлиги прокуратура козгогон иш боюнча комментарий берди

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин имараты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мекемеде президенттин фондунан бөлүнгөн 300 млн сомду колдонууда каржылык мыйзам бузуу болгонун ырастады.

Министрликтин маалыматына ылайык, “Кыргыз маданият сервис” мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчилиги материалдык баалуулуктар менен техникалык жабдууларды тактоо ишинде 13,2 млн сом суммасындагы жетишпестикти аныктаган.

Бишкек шаарынын прокуратурасы 2023-жылы президенттин фондунан министрликке бөлүнгөн 300 млн сомдун сарпталышынын мыйзамдуулугун текшерген. Анын жыйынтыгында, министрлик 7,6 млн сомду максатсыз жумшаганы, Дене тарбия жана спорт департаменти көзөмөлдөбөй 6,2 млн сомдук спорт шаймандары кымбат баада сатып алынганы аныкталган.

Андан тышкары министрликке караштуу “Кыргыз маданият сервис” мамлекеттик ишканасы сатып алган 13,2 млн сомдук материалдык баалуулуктар жана техникалык жабдуулар негизсиз жок кылынып, жыйынтыгында мамлекетке жалпы 27 млн 127 миң 820 сом зыян келтирилгени такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги акыркы укуктук бааны тиешелүү органдар берерин, министрлик иликтөө иштерин жүргүзүүдө укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

Туристке орой мамиле кылган “Кыргыз темир жолунун” кызматкери жумуштан алындыУКМК “Хизб ут-Тахрирдин” 16 мүчөсү экстремисттик идеологиядан баш тартканын билдирдиКыргызстанда жети айда 9,24 млрд кВт/саат электр жарыгы өндүрүлдүӨкмөт “Кум-Шагыл” ишканасына киргизилген сырткы башкарууну узарттыӨзгөндө мал сарай өрттөнүп, эки жашар наристе чарчап калдыИзраилдин аба соккусунан Газада 20 киши каза тапты, арасында журналисттер бар Сот Карасартованын ишин жабык кароо чечимин чыгарганы белгилүү болдуМаданият министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголдуКой-Таш иши: Атамбаев менен Шадиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү