Газа: Израилдин соккусунан беш журналист набыт болду
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дүйшөмбү күнү Газанын түштүгүндөгү Насер ооруканасына атылган ракетадан медиктер, жай тургундар, журналисттер болуп, кеминде 20 киши набыт болду. Рейтер, Ассошиэйтед Пресс агенттиктери биргелешкен кайрылуу жасап, Израилден беш журналисттин өлүмү үчүн жоопкерчилик алууну талап кылышты. Журналисттер коргоонун эл аралык комитети билдиргендей, 2023-жылдын октябрында тутанган Жакынкы Чыгыштагы уруштар 190дон ашуун журналисттин өмүрүн алды.