Орусия: Мигранттарды кооптондурган "Амина" тиркемеси

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын өкмөтүнүн токтомунун негизинде "Сахарово” көп функционалдуу каттоо борбору 1-сентябрдан тарта өлкөгө визасыз режим менен кирген бардык эмгек мигранттарын “Амина” аттуу тиркемени жүктөп алып, анда катталууну талап кылууда.

Жаңы системанын негизи максаты – адамдын геолокациясы тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигине берүү болуп саналат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвадагы жарандарын бул өлкөнүн эрежелерин так сактоого чакырып жатат.

Ал эми мигранттар тынчсызданып, элчиликтин кызматкерлерине, юристтерге ар кандай суроолор менен кайрылып жаткан кези.

Орусиянын Москва шаарында жана Москва облусунда чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары 1-сентябрдан тарта телефонуна милдеттүү түрдө “Амина” тиркемесин жүктөп алып, ал аркылуу катталууга тийиш.

Ушул тапта мигранттар “бул тиркеменин кириши менен мурдагы каттоолор жокко чыгабы, тиркемеси бар телефон жоголуп кетсе эмне кылыш керек?” деген суроолорго жооп издеп жатышат. Москвада онлайн кийим сатып иштеген 25 жаштагы мекендеш туруктуу каттоосу болсо дагы кооптонуп жатканын айтты:

“Ар ким ар кандай кабыл алууда. Айрымдар кооптонуп, кырдаал такталып, аныкталгыча башка шаардагы жакындарына кетип жатат. Көпчүлүк эмне болор экен деп демин ичине катып күтүп турган кез. Мен жашмын да, технологияны түшүнөм дегендей, башкалар кантип катталышат билбейм. Мисалы, Айфонго азырынча бул тиркеме жүктөлбөйт экен. Анан телефонду жоготуп алса эмне болот же катталган күнү интернет жок болуп калса кандай болот?”.

Москвада иштеген дагы бир кыргызстандык дүкөндө кассир болуп иштейт.

Дагы караңыз Татарстандын президенти мигранттардын балдарын окутууну чектеген чечимди айыптады

Ал “Амина” тиркемеси ишке кирери менен турак жай ижарасынын баасы кескин кымбатташы мүмкүн деп чочулап жатат.

“Тиркемени чочулап карап жатабыз. Себеби, жоопсуз калган суроолорубуз көп. Квартира баасы кымбаттайбы, турак жайга ылайыгы жок имаратта жашагандар эмне болот? Чет элдик жаран картасын ала электер “Аминага” кандай катталат? Батир ээлери үчтөн жашоого уруксат берет, ал эми ижарага алгандар үчтөн көп киши жашатат, ошолор эми көбүрөөк төлөйбү?”.

Мигранттар элчилик кызматкерлеринен жаңы тиркеменин чоо-жайын түшүндүрүп берүүнү суранып жатышат. Алар сурап билүү үчүн онлайн-ресурс, чат-ботторду уюштуруу зарыл деп эсептешет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги элчиликте күнү-түнү байланыш номери иштеп жатканын билдирүүдө. Мекеме мигранттарды тиркеме аркылуу каттоо тартиби азыркы учурда колдонулуп жаткан миграциялык каттоонун ордуна киргизилерин белгиледи.

“Амина” колдонмосу аркылуу Москва шаарынын Көп функционалдуу миграциялык борборунун (ММЦ Сахарово) дареги боюнча каттоого туруп, ички иштер органдарын чет элдик жаран түнөгөнгө, эс алганга, туруктуу жашаган жери жөнүндө алыстан маалымдоого мүмкүнчүлүк берилет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Реестрге кирген мигранттар Орусиядан чыгарылабы?

Жашаган жери өзгөргөн учурда, чет элдик жаран колдонмонун интерфейси аркылуу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү. Мобилдик тиркеме Орусиянын ИИМине геолокация жөнүндө маалыматтарды жөнөтүп турат. Эгер тиркеме бир нече күн бою маалымат жөнөтпөй калса, чет элдик жаранга жашаган дарегин тастыктоо же анын өзгөргөнү тууралуу Орусиянын ИИМине кабарлоо зарылдыгы жөнүндө эскертүү келет. Бул үчүн ички иштер органдарына же "Сахарово" борборуна баруунун кереги жок.

Тышкы иштер министрлиги жарандарды бул өлкөдөгү кирип жаткан жаңы жоболорду так сактоого чакырып, эгер бул эксперименттин шарттары бузула турган болсо, жарандар көзөмөл реестрине кирип калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Москвадагы кыргыз диаспорасынын башчысы Кубанычбек Осмонбеков буга байланыштуу Москванын мэриясына суроо жөнөткөн. Бул мекеменден келген жоопторду ал YouTube каналына бөлүштү.

“Москва мэриясынан момундай кагаз түрүндө жоопторду алдык, ошону силерге айтып беребиз. Эгерде чет элдик жаран телефонун жоготуп алса, интернети өчүп калса, же кандай бир ушундай окуялар болсо эмне кылат десек, айтып жатышат, анда тез башка телефон алып, жакынкы үч күндүн ичинде кайра калыбына келтириш керек. Болбосо муну ИИМ эреже бузуу катары кабыл алат. Кийинки суроо эгерде чет элдик жаран Москвада иштеп туруп, кокусунан башка регионго чыгып кетсе – Сахалинге, Камчаткага же башка жакта болсо, мыйзам чегинде үч күн ичинде ал жактан каттоого туруш керек”.

  • Белгилей кете турган нерсе, укук коргоочулар “Амина” тиркемесин RuStore колдонмо дүкөнүнөн андроид телефонго эле орнотсо болорун, мындан тышкары тиркеме жалган көрсөтүлгөн даректи дароо таанып, текшере аларын эскертип жатышат.
Дагы караңыз Орусияда догдурларды полиси жок мигранттар тууралуу билдирип турууга милдеттендирген мыйзам сунушталды

Орус тарап мындай чаранын башкы максаты - миграциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын бир бөлүгү экенин билдирүүдө. Бул эреже Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Грузия, Тажикстан, Өзбекстан жана Украинанын жарандарына тиешелүү. Ал эми Беларуска, жашы жете элек балдарга, дипломат кызматкерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө тиешеси жок.

Расмий маалыматка караганда, ушу тапта Орусиянын Москва жана Москва облусунда расмий 185 миң кыргызстандык жаран миграциялык каттоодо турат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Орусия "Амина" тиркемеси менен мигранттарды аңдыйбы?