Ak-Sai Travel компаниясы Жеңиш чокусуна чыгып, дайынсыз болуп жаткан ирандык альпинисттер Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллахты издөө иштери токтотулганын, аларды издөө кийинки жылы атайын даярдыктагы куткаруучулар жана тик учак менен уланышы мүмкүн экенин билдирди. Ишкана альпинисттер 10-августтан бери байланышка чыкпаганын кошумчалады.
Маалыматка ылайык, Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллах 5-августта Жеңиш чокусуна кетип, 11-августта чыгышкан. Кайра түшүп келатканда 7 300 бийктикте орусиялык альпинист Наталья Наговицина менен кезигишкен. Ошондон бери дайынсыз болууда.
Ak-Sai Travel Жеңиш чокусуна чыгып келатып каза тапкан башка чет элдик альпинисттер тууралуу да комментарий берди.
Ишкананын маалыматында Наталья Наговицина Жеңиш чокусунан түшүп келатып 12-августта 7 200 бийктикте бутун сындырып алган. Анын өнөктөшү Роман Мокринский биринчи жардамды көрсөтүп, алдыда бараткан башка адамдарга маалымат берүү үчүн түшкөн. 13-14-август күндөрү Наталья Наговицинага италиялык Лука Синигалья жана германиялык Гюнтер Зигмунд жардамга келип, таштын жанына чатыр тигип, аялды жылуу ороп жаткырып, жылыткыч, тамак-аш, газ баллон берип коюп, өздөрү ылдый жөнөшкөн. 15-августта Лука Синигальянын абалы оорлоп, 6900 метр бийиктикте көз жумган. Адистер анын мээсине суу толуп кеткен деп божомолдоп жатышат. Сөөгү тоодо калды. Роман Мокринский менен Гюнтер Зигмунд эвакуация болгон.
16-августта Жеңиш чокусуна альпинисттерди эвакуациялоо үчүн бараткан Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Ми-8 аскердик тик учагы кырсыктап, тоого катуу конгон. Борттогулардын баары аман калганы менен төрт адам жаракат алып, кийин Каракол шаарына жеткирилди.
19-21-август күндөрү Наталья Наговицина калган жерге дрон учурулуп, ал колун булгалап тирүү экенин билдирген. Бирок аба ырайынын туруксуздугунан альпинистти куткарууга мүмкүн болгон жок. Ал каза болду деп эсептелүүдө.
Ошентип, август айында Жеңиш чокусунда италиялык Лука Синигалья, Наталья Наговицина жана Хан-Теңири (7010 метр) чокусунда дагы бир орусиялык альпинист Алексей Ермаков каза тапты. Алексей Ермаковдун сөөгү Караколго жеткирилди. Ирандык альпинисттер Марьям Пилехвари менен Хасан Сейфоллах дайынсыз болууда.
Кыргызстандын аймагында жети миңдик үч чоку: Хан-Теңири (7010 метр), Ленин (7134 метр) жана Жеңиш (7439 метр) бар. Ak-Sai Travel кыргыз-кытай чек арасындагы Тянь-Шань тоо кыркасында жайгашкан Жеңиш чокусу дүйнөдөгү эң татаал чокулардын бири экенин, бул жерде кар көчкү жүрүп, аба ырайы кескин өзгөрүп турарын кабарлады. Ишкананын маалыматында 1955-жылдан бери бул тоодо 7000 метр бийиктиктен эч ким тирүү куткарыла элек. (BTo)