Алматынын “Кайрат” клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыкты

“Кайраттын” дарбазачысы Темирлан Анарбеков 3 пеналтини тосту.

Казакстандын Алматы облусунун “Кайрат” футбол клубу шотландиялык “Селтик” клубун утуп, тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Европадагы негизги турнир - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыкты.

Оюн 26-августта Алматынын “Борбордук” стадионунда өттү. Эки клуб негизги жана кошумча берилген убакытта 0:0 эсебинде тең чыгып, пеналтиден “Кайрат” 3:2 менен жеңди. Казакстандык клубдун 21 жаштагы дарбазачысы Темирлан Анарбеков 3 пеналтини тосуп, күйөрмандардын эсинде калды. “Кайрат” менен “Селтик” 21-августта Глазго шаарында “Селтик парк” стадионундагы биринчи кездешүүсүндө да 0:0 эсебинде тең чыккан.

Казакстанда ушуну менен экинчи футбол клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыкты. Мындан туура 10 жыл мурун “Астана” да ЧЛнын тайпалык баскычына жеткен.

Ачык булактардагы маалыматка ылайык, “Кайрат” 1954-жылы негизделген. Алматы облусунун намысын коргогон клуб Казакстандын төрт жолку чемпиону.

Чемпиондор лигасы - Европа футбол биримдигинин ири клубдук турнири. (BTo)

Дагы караңыз

Тажикстандык аял Орусияга адырашман алып киргени үчүн сегиз жылга кесилдиТажик президенти кызы Озодага "эмгек сиңирген кызматкер" наамын ыйгарды Министр Кендирбаева “Сейтек STEM” мурдагыдай эле иштей берерин айттыАдамдын майыптуулугун тастыктоо документинин мөөнөтү узартылатУкраина Днепропетровдо эки айылды орус армиясы ээлеп алганын четке какты Садыр Жапаров үч жылда “Кумтөрдүн” кирешеси 3 млрд доллардан ашканын айттыЖеңиш чокусунда жоголгон ирандык альпинисттерди издөө токтотулду