Вашингтон 27-августтан баштап Индияга карата импорттук тарифтерди 50% көтөргөнүн Делиге билдирди. Азыркы 25% тарифти эки эсе жогорулатуу чечими Индия Орусиядан мунай сатып алууну азайтуудан баш тартканы үчүн кабыл алынган.
АКШ Индиянын эң ири соода өнөктөшү. Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы соода профицити 46 миллиард долларды түзгөн. Американын жаңы тарифтик саясаты Индиянын автомобиль, кездеме, химиялык заттар, тамак аш, зергерчилик жана башка өндүрүшүнө зыян келтирет деп күтүлүүдө. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди ишкерлердин зыян тартуусуна жол бербей турганын кайталап, чакан фирмаларга кошумча жеңилдиктер берүүнү убада кылган.
АКШ бийликтери Индия Орусиядан мунай сатып алып, Украинадагы согушту каржылоого көмөктөшүп жатат деп эсептешет. 2022-жылга чейин Индиянын мунай импортунда Орусиянын үлүшү 1% болсо, азыр ал 42% айланган.
Америкалык пресса Индиянын премьери ушул аптада жети жылдан бери алгачкы жолу Кытайга барып, ШКУнун саммитине катышканы жатканын, ал жерде жаңы соода багыттары каралышы мүмкүн экенин эскертүүдө.