Иорданиянын падышасы Абдалла II ибн Хусейн шаршембиде Казакстанга барды.
Астанада казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды кеңейтүү жолдорун талкуулай турган Иордания-Казакстан бизнес форумуна катышат.
Казакстанга чейин Абдалла II Самаркандда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолугуп, эки өлкө ортосунда виза режимин жоюп, аба каттамдарын ачып, туризм, экономика алакаларын кеңейтүүнү макулдашты.
Самаркандда өткөн Иордания-Өзбекстан форумунда эки өлкө ортосунда бир катар өнөр жай, транспорт тармагындагы өнөктөштүк долбоорлору мерчемделди. Сапардын аягында Иорданиянын падышасы Абдалла II Өзбекстандын президенти Мирзиёевди "Ан-Нахда" ("Кайра жаралуу") ордени менен сыйлады.
Иордания - Израил менен тынчтык келишимине кол койгон саналуу араб мамлекеттеринин бири, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук ролду активдүү аркалап келатат.