Казакстандын Алматы облусунун “Кайрат” футбол клубу шотландиялык “Селтик” клубун утуп, тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Европадагы негизги турнир - Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыкты.
Оюн 26-августта Алматынын “Борбордук” стадионунда өттү. Эки клуб негизги жана кошумча берилген убакытта 0:0 эсебинде тең чыгып, пеналтиден “Кайрат” 3:2 менен жеңди. Казакстандык клубдун 21 жаштагы дарбазачысы Темирлан Анарбеков 3 пеналтини тосуп, күйөрмандардын эсинде калды. “Кайрат” менен “Селтик” 21-августта Глазго шаарында “Селтик парк” стадионундагы биринчи кездешүүсүндө да 0:0 эсебинде тең чыккан.
Казакстанда ушуну менен экинчи футбол клубу Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыкты. Мындан туура 10 жыл мурун “Астана” да ЛЧнын тайпалык баскычына жеткен.
Ачык булактардагы маалыматка ылайык, “Кайрат” 1954-жылы негизделген. Алматы облусунун намысын коргогон клуб Казакстандын төрт жолку чемпиону.
Чемпиондор лигасы - Европа футбол биримдигинин ири клубдук турнири. (BTo)
Шерине