Абхаз, армян номурлуу сегиз миңге жакын машине мыйзамдаштырылды

Кыргызстандагы машине базары. Иллюстрациялык сүрөт.

1-апрелден 27-августка чейин Кыргызстанга Абхазиядан, Армениядан жана Орусиядан мыйзамсыз ташылып келген 7 768 автоунаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы “Унаа” мекемеси) басма сөз кызматы билдирди.

Анын көбү Чүй облусунда – 2074. Бишкек шаарында 1816, Жалал-Абадда 1142 машинеге документ берилди.

“Унаа” мекемеси чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши 1-октябрда токтой турганын, андан кийин мындай номурлуу машинелерди Кыргызстанда айдоого тыюу салынарын эскерткен.

Кыргызстанда 1-апрелден тартып чет элдик номурлуу автоунааларды мыйзамдаштыруу иши башталган. Биринчи кезекте документи бар автоунаалар мыйзамдаштырылат. Экинчи этапта документи жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген машинелер каттоого алынат. Андан тышкары документи жок автоунааларды башка максатта пайдаланууга - тетик катары сатууга, өлкөдөн чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Кыймылдаткычынын көлөмү 2 литрге чейинки машинелердин ээлери 50 миң сом, 2 литрден жогору болгондор 100 миң сом төлөйт.

Машиненин документи жок болсо айдоочу ID паспортун, эгерде бар болсо машинени каттоо жөнүндө күбөлүктү, менчик укугун тастыктаган документти (бар болсо), автоунаа издөөдө, күрөөдө эмес экенин тастыктаган маалыматты бериши зарыл.

Мындай автоунааларга 10-аймак катары мамлекеттик номурлар берилет. Машине катталгандан кийин аны башка адамга сатууга, чет өлкөгө чыгарып кетүүгө, ошондой эле такси кызматына пайдаланууга тыюу салынат.

Кыргызстанда 2015-жылы оң рулдуу автоунаа ташып келүүгө тыюу салынган. Бирок соңку жылдары Армения, Абхазия, Грузия өлкөлөрүнөн оң рулдуу машинелер кирип жатат. Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык, Абхазиядан алынып келинген автоунааны башка бирөөгө берүүгө жана ишеним кат менен сатууга мыйзам жол бербейт. Машинени ЕАЭБ аймагына киргизип жатканда убактылуу бажы декларациясы толтурулат. Бул документти бир жылдык мөөнөткө чейин алса болот. Автоунаалар Кыргызстанда катталбайт. (BTo)

Дагы караңыз

АКШда католик мектептин чиркөөсүндөгү ок атуудан эки окуучу каза таптыМолдованын Эгемендик күнүндө Кишиневго Франция, Германия жана Польшанын лидерлери барыштыИИМ Жеңиш чокусунда калган альпинисттин окуясын текшерип жататАгартуу министрлиги “Сейтек STEM” мамлекетке өтпөгөнүн билдирдиЖеңиш чокусунда калган Наговицинанын абалын байкоого учкучсуз учак да колдонулду