Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президентин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды

Ли Чжэ Мён жана Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы 28-августта корей тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров жана Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён телефондон сүйлөшкөнүн кабарлады.

Эки өлкөнүн лидерлери кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү тууралуу пикир алышып, Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Корей лидери кыргыз президентин 2026-жылга пландалган “Борбор Азия – Корея Республикасы” мамлекет башчыларынын саммитине катышууга чакырды.

Ли Чжэ Мён июнь айында президенттик шайлоодон утуп чыгып, кызматка киришкен.

Өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёл былтыр декабрда оппозициячыл парламенттин каршылыгын жеңиш үчүн Түштүк Кореяда аскердик абал киргизүүгө аракеттенип, ал чечимин кайра артка кайтарып, январда кармалып, апрелде президенттик кызматтан четтетилген. Июлда кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн эркинен ажыратылган. (BTo)

Дагы караңыз

Быйыл 700гө жакын мамлекеттик кызматкер Кытайга барып, окуп келетБишкекте электробустарды тейлөө борбору ачылдыЕвробиримдик Орусиянын соода өнөктөштөрүнө экспортту чектөө чараларын талкуулайтОрусиянын ракеталык чабуулунан Киевде 10дон ашуун киши мерт болду, ондогон адам жараат алдыАбхаз, армян номурлуу сегиз миңге жакын машине мыйзамдаштырылдыУКМК кытайлык ишкердин машинесин сатып жиберген шектүү кармалганын билдирди15-сентябрга чейин жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн окуйт