Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Бишкектеги бардык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдары 1-сентябрдан 15-сентябрга чейин аралыктан (онлайн форматта) окуй турганын билдирди. Бул медициналык окуу жайларына тиешелүү эмес.
Мындай чечим борбор калаада бир катар эл аралык иш-чараларды өткөрүү, шаар ичиндеги жолдорду оңдоо жана курулуш иштерине байланыштуу кабыл алынган.
Акыркы жылдары чоң-чоң самиттерде, башка өлкөнүн жетекчилеринин мамлекеттик сапары учурунда Бишкекте мектептер, бала бакча жана жогорку окуу жайлары онлайн форматта иштейт. Буга айрым ата-энелер нааразы болгон учурлар бар. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине