"БШК мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү колдойт"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргыз коомчулугунда, анын ичинде 1-сентябрда эле жайкы эс алуудан кайтып ишке киришкен Жогорку Кеңеште да парламент өзүн-өзү таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот деген маалыматтар кызуу талкууланып жатат. Ушул маселеге байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.