Шаардык сот: Кемпир-Абад иши боюнча отурум кийинки аптага калды

Архив сүрөт.

Бишкек шаардык сотунда "Кемпир-Абад" иши боюнча 3-сентябрдагы отурум болбой калып, 10-сентябрга жылдырылды. Буга айыпталуучулардын бири Перизат Суранованын сыркоолоп калганы себеп болду.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад ишине байланыштуу “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны, активистти былтыр 4-июнда актаган. Мамлекеттик айыптоочулар алардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын соттон сураган.

Башкы прокуратура райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган жана процесс былтыр 6-августта башталган.

Былтыр 29-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып, акталгандар менен жолуккан. Алардын арасында Илгиз Шаменов дагы болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын баары күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Кемпир-Абад ишине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы “жашыруун” грифин койгон.

Дагы караңыз

Энергетика министрлиги Кыргызстанда күйүүчү май жетиштүү экенин билдирдиОрусия Украинага 500дөн ашуун дрон менен сокку урду. Миңдеген киши жарыксыз калды Ростовдо темир жол бекетине дрон чабуулунан 30га чукул поезд каттамы кармалууда Оштун мурдагы мэри Кадырбаев 4-октябрга чейин камалганы белгилүү болду