Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Оштун мурдагы мэри Кадырбаев 4-октябрга чейин камалганы белгилүү болду


Айтмамат Кадырбаев.
Айтмамат Кадырбаев.

Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин бөгөт чарасы 26-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, 4-октябрга чейин камакка алынганы белгилүү болду.

Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” ырастап, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 26-августундагы токтому менен ИИМдин Тергөө кызматынын тергөө тобунун жетекчисинин айыпталуучу К.А.Тнын бөгөт чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылган", - деп билдиришти райондук соттун басма сөз кызматынан.

Ички иштер министрлиги маалымат бере элек. Өткөн аптада Кадырбаевдин кармалганы тууралуу кабар тараган. Анын жакындары, адвокаттары да азырынча комментарий бере элек.

Айтмамат Кадырбаев 2014-2018-жылдары Ош шаарынын мэри болгон. Кийин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары болуп иштеди.

2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо №10 Куршаб бир мандаттуу округунан талапкер болуп, 3-орунду алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG