Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

Ооганстанда куткаруу иштери уланууда, "Талибан" бийлиги жардам сурап кайрылды


Ооганстандын чыгыш тарабындагы Кунар провинциясында толугу менен кыйраган айылдын жашоочулары. 1-сентябрь, 2025-жыл.
Ооганстандын чыгыш тарабындагы Кунар провинциясында толугу менен кыйраган айылдын жашоочулары. 1-сентябрь, 2025-жыл.

"Талибан" бийлиги Ооганстанда катуу жер титирөөдөн жабыркаган райондорго чукул жардам сурап эл аралык коомчулукка кайрылды. Чордону Кунар чөлкөмүнө туш келген зилзаладан өлгөндөрдүн саны 800 адамдан ашты, алыскы тоолуу райондордо курмандыктар саны дагы өсүшү мүмкүн экени эскертилди. Куткаруучулар урандылар астынан адамдарды алып чыгуу иштерин шейшембиде улантышты.

Ооганстандын Кызыл чырым коому 1124 киши өлүп, 3200дөй киши жарадар болгонун, 8000дей турак жай кыйраганын билдирди.

Батыш өлкөлөрү Ооганстанга гуманитардык жардам жөнөтө баштады. Ансыз да тамак-аш тартыштыгынан, соңку кездери көбөйгөн катуу жамгыр, кыян, жер көчкү өндүү табият кырсыктарынан, колдоо көрсөтчү бир катар эл аралык долбоорлор жабылып калганынан жабыркаган ооган коомчулугу азыр шашылыш жардамга муктаж, - деп айтылат ооган өкмөтү тараткан маалыматта.

1-сентябрга караган түнү Ооганстандын Пакистан менен чек арасына жакын аймактарында бир катар шаар, айыл-кыштактарды кыйратып, миңдеген турак жайларды талкалаган 6 баллдык жер титирөөдөн жүздөгөн киши каза таап, 2800дөн ашууну жараат алганы кабарланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG