Оштун экс-мэри 4-октябрга чейин камакка алынды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ош шаарынын мурдагы мэри Кадырбаев 4-октябрга чейин камалганы белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы 26-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголгонун соттон ырасташты.

Ош шаарын 2014-2018-жылдары башкарган мурдагы мэр кайсы иш боюнча камалганы тууралуу Ички иштер министрлиги азырынча маалымат бере элек. Сөз кабарчыбыз Даткабек Шабданбек уулунда.