Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды

Канат Сагынбаев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Канат Сагынбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Жогорку Кеңеш 3-сентябрдагы жыйында Сагынбаевди министр кызматына дайындоого макулдук берген.

25-августта мамлекет башчы кол койгон тескемеге ылайык, Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган. Ошол эле күнү Сагынбаев министрдин милдетин аткаруучу болуп бекитилген.

Буга чейин 45 жаштагы Сагынбаев президенттик администрацияда бөлүм башчы, башкармалыктын жетекчи орун басары болуп иштеген. (КЕ)

Дагы караңыз

Казак бийлиги тышкы иштер министринин кармалганын четке кактыИзраил Газа шаарынын 40 пайызын көзөмөлдөп жатканын билдирдиОрусияда журналист Карен Шаинян беш жылга сыртынан соттолдуУКМК Чаткал токой чарбасынын башчысы 5 млн сом пара алып жаткан жеринен кармалганын кабарлады