Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Казак бийлиги тышкы иштер министринин кармалганын четке какты


Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеунин кармалганы тууралуу маалыматты казак бийлиги четке какты. Бул тууралуу өлкөнүн маданият жана маалымат министри Аида Балаева социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал айрым маалымат каражаттары менен анонимдүү Телеграм баракчалар жазып чыккан жогорку кызмат адамдарынын кармалганы тууралуу маалымат чындыкка жатпасын билдирди.

Ага чейин казакстандык бир катар маалымат каражаттары өлкөнүн тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, ишкер Гажи Гажиев жана коопсуздук кызматынын жогорку кызматкерлери кармалганын жазышкан эле. Анда Нуртлеунун үйүндө тергөө аракеттери жүрүп жатканы кабарланган.

Мурат Нуртлеу 2023-жылдан бери Казакстандын тышкы иштер министрлигин аркалайт. Ага чейин президенттик администрацияны жетектеген. Аны учурдагы президент Касым-Жомарт Токаевдин ишенимдүү адамдарынын бири катары сыпатташат.

Нуртлеу ТИМде 1998-жылы иштей баштаган. 2004-жылы ал ошол кездеги министр Токаевдин кеңешчиси болчу. Токаев сенатка келгенде, Нуртлеу парламенттин жогорку палатасынын аппаратына башчы болуп калган. Токаев БУУнун баш катчысынын орун басары – Женевадагы Европа кеңсесинин деректири болуп турганда, Нуртлеу Казакстандын Женевадагы элчилигинде иштеген.

2019-жылы Токаев президент болгон соң адегенде президенттин кеңешчиси, кийин администрациясынын жетекчиси болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG