Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Газа тилкесинде Израилдин чабуулдары уланууда


Иерусалим шаарында согуштук аракеттерди токтотууну талап кылган демонстрация болуп өттү. 3-сентябрь, 2025-жыл.
Иерусалим шаарында согуштук аракеттерди токтотууну талап кылган демонстрация болуп өттү. 3-сентябрь, 2025-жыл.

Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлиги 4-сентябрда таң аткандан бери Израил аскерлеринин чабуулдарынан каза тапкандардын саны 20 кишиден ашканын, дагы бир нече адам ачарчылыктан улам ооруканада көз жумганын билдирди. Газа шаарындагы ооруканалар оор абалда иштеп жатканы, жардамга муктаж адамдар өтө көп болгондуктан баарын кабыл алуу мүмкүн болбой калганын маалымдашты.

Батышта террорчул деп табылган "Хамас" уюму Израил менен сүйлөшүү баштап, барымтадагылардын баарын бошотууга даяр экени жарыяланган. Азырынча Израилдин бийликтери өз жообун айта элек.

Ал тапта Иордан дарыясынын батыш жээгинде Израилдин коопсуздук күчтөрү рейддерин улантып, дагы бир нече палестин камакка алынганы кабарланды. 3-сентябрда Иерусалимде, Тель-Авивде көчөлөргө чыккан демонстранттар Израилден согуштук аракеттерди токтотуп, барымтадагыларды чыгарып алууну талап кылышты.


Шерине

XS
SM
MD
LG