Президент Жапаров браконьерлерге каршы бирге күрөшүүгө чакырды

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, браконьерликке каршы биргө күрөшүүгө чакырды. Мындай билдирүүнү президент соцтармактагы баракчасына жарыялады. Анда президент соңку 3 жылдан бери Ысык-Көлдөн, Соң-Көлдөн, Токтогул суу сактагычынан жыйналган торлордун узундугу 5 миң 700 километрге жеткенин билдирди.

“Бул деген Бишкек–Москва–Санкт-Петербург шаарына чейинки аралык. Балык кармайбыз деп браконьерлер салган торлорго канаттуулар да түшүп, өлүп калып жатышат. Ошондуктан айрыкча суу жээгинде жашаган элдерибизге кайрылам: сиздер айылыңарда кимдер браконьерлик кыларын жакшы билесиздер. Аларды уяткарып, токтотуп, сиздер да жардам бербесеңиздер тиешелүү органдар жетишпей жатышат”,-деген президент.

Жапаров кыргызстандыктарды жарандык, атуулдук милдетин аткарып, көзөмөлгө алууга чакырды.

Президенттин маалыматы боюнча, 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өлкөдөгү көлдөрдөн 34 миң 454 даана тор алынды. Алардын жалпы узундугу 5 миң 659 километр 700 метрди түздү.

Дагы караңыз

Бишкек–Ош жолун оңдоого тартылган жумушчулар айлыгын ала албай жатканын билдириштиОш: Үй курган компаниялар ички жолдорго асфальт төшөөгө милдеттендирилетӨзбекстан чек арадагы өлүм боюнча түшүндүрмө бердиОрусиянын чабуулунан Украинанын өкмөтүнүн имараты жабыркады