Бишкекте адамды мыкаачылык менен сабаган деген шек менен эки адам кармалды

Окуяга тиешеси бар үч адам.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы борбордун Алиаскар Токтоналиев көчөсүндө бир адамды сабаган деген шек менен үч кишини (С.С., Л.Ю. жана Р.Б.) аныктады. Алардын экөө камакка алынып, бирөөнө протокол түзүлдү.

Райондук милициянын маалыматына ылайык, 7-сентябрда Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз адамдар бир кишини сабап, качып кетишкени тууралуу арыз түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” жана “Майда бейбаштык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, жабыркаган кишиге соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүүлөрдүн экөө Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

7-сентябрда социалдык тармактарда көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда бир адам мыкаачылык менен сабалганы тартылган видео тараган. Интернет колдонуучулар шектүүлөрдү катуу жазага тартууну талап кылууда. (BTo)

Дагы караңыз

Жапониянын өкмөт башчысы отставкага кетерин жарыяладыЧүйдүн Москва районунда коопсуздук чаралары күчөтүлдүПрезидент Жапаров браконьерлерге каршы бирге күрөшүүгө чакырдыБишкек–Ош жолун оңдоого тартылган жумушчулар айлыгын ала албай жатканын билдириштиОш: Үй курган компаниялар ички жолдорго асфальт төшөөгө милдеттендирилет