Vefa соода борборундагы окуяга байланыштуу төрт адам кармалды

Кармалган шектүүлөр.

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы шаардагы Vefa соода борборундагы чырга байланыштуу төрт адам (2004-жылы туулган М.Р., 2004-жылы туулган И.К., 1992-жылы туулган Б.Б., жана 2001-жылы туулган А.А.) кармалганын билдирди.

Райондук милициянын маалыматында 7-сентябрда Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун биринде белгисиз адамдар коомдук тартипти бузуп, башка адамдарга кол салганы тууралуу арыз түшкөн.

Бул факты боюнча Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында төрт адам кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Буга чейин социалдык тармактын колдонуучусу окуя тууралуу жазган. Ал 7-сентябрда Vefa соода борборунда шектүүлөр ага тийишкенин, жолдошу болушканда ага кол көтөрүп, сабап, качып кетишкенин билдирип, жоопко тартууну суранган. Чыр чыккан учурда тартылган кыска видеолор интернетке жарыяланган. (BTo)

Дагы караңыз

Амангелдиев "Яндекс" таксинин баасын түшүрүү тууралуу сүйлөшүү болорун билдирди Орусия Кыргызстанга күйүүчү майды үзгүлтүксүз жеткирип турууга кепилдик бергени айтылдыУкраина орус армиясы Киевде жылуулук өндүргөн ишканага сокку урганын кабарладыЕБ өкүлү Вашингтондо Орусияга каршы санкциялар маселесин талкуулоодоДепутат Сурабалдиева чет өлкөлүк инвесторлорго кепилдик маселесин көтөрдү