10-сентябрдын аба ырайы: Айрым аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 10-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14...19, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17°, күндүз 28…30° жылуу болот.

Кыргызгидромет борбору 10-сентябрга чейин туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин билдирген.

Дагы караңыз

Орусиянын экс-президенти Медведев Финляндияны "мамлекеттүүлүгүн жок кылуу" менен опузаладыЖК комитети Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүнү дароо үч окууда колдодуАбхаз, армян номурлуу тогуз миңден ашык машине мыйзамдаштырылдыVefa соода борборундагы окуяга байланыштуу төрт адам кармалды