Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

ЖК комитети Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүнү дароо үч окууда колдоду


Жалал-Абад шаарынын администрациялык имараты.
Жалал-Абад шаарынын администрациялык имараты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 9-сентябрдагы отурумунда Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алып берди. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.

Жыйында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев шаардын атын өзгөртүү сунушун жергиликтүү тургундар бергенин айтты.

Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.

Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.

Быйыл 31-август - Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аймактарды өнүктүрүүгө бюджеттен кошумча каражат бөлүнүп жатканын белгилеп, Жалал-Абад облусуна 10 миллиард сом каралганын билдирген. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, 2024-жылы бул шаарга 1 млрд 91 млн сом бөлүнгөн.

Ушул тапта шаардын калкы 184 миңден ашат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG