Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева жаңы мектептин ачылышына келген конокторду сыйлоо үчүн мугалимден акча талап кылган деген директор иштен четтетилгенин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына ошол аймакка комиссия жөнөтүлгөнүн жазды.
"Мугалимди кыйнап бирөөлөрдү сыйлоого акча жыйнаганы мыйзамсыз. Бул мыйзамсыз иши үчүн директор кызматтан четтетилди! Кимге тамак уюштуруп акча жыйнаганын териштирүү үчүн комиссия жөнөтүлдү. Тиешелүү кишилер жазасын алат",-деп жазды министр.
Мунун алдында социалдык тармактарда акчага байланыштуу директор менен мугалим кайым айтышып жатканы тартылган видео тараган. Андан директор мугалимден конокторду тосууга 15 миң сом беришин талап кылып жатканын көрүүгө болот.
Соцтармактын айрым колдонуучулары бул окуя 26-августта Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында болгонун жазышкан.
Кыргызстандын аймактарындагы мамлекеттик мекеме-уюмдарда борбордон келген аткаминерлерди, жетекчилерди жана ар кандай текшерүүчү комиссиялардын мүчөлөрүн сыйлоо, сый тамак уюштуруп, белек-бечкек берген көрүнүш бар жана анын чыгымына кеткен каражатты адатта кызматкерлер чогултары айтылып келген.