Катардын башкалаасы Дохада шейшембиде күндүз бир нече жарылуу болду. Бул кабарга удаа Израилдин коргонуу армиясы палестиндердин радикал уюму ХАМАСтын жогорку саясий жетекчилиги бутага алынганын билдирди. ХАМАСты АКШ жана Европа Биримдиги террорчул уюм деп жарыялаган.
Израил армиясы жай тургундардын коопсуздугун болушунча камсыздоо чаралары көрүлгөнүн билдирди, бирок сокку качан, каерге урулганын, жыйынтыгы кандай болгонун кабарлаган жок.
Катардын бийликтери аба соккулары ХАМАСтын өкүлдөрү турган үйлөргө жасалганын тактап, Израилдин чабуулу эл аралык мыйзамдарды бузганын белгиледи.
Кабарларга караганда, ХАМАСтын жетекчилери Израил менен ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү талкуулаш үчүн Катарда чогулган. Делегация бутага алынышы мүмкүн экени тууралуу АКШ жетекчилиги кабардар болгон.
Социалдык тармактарда шаар үстүндөгү түтүн тартылган видеолор пайда болду. Жабыркагандар бар же жогу тууралуу расмий маалымат айтыла элек.
Катар Газа секторундагы ок атышууну токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын ортосунда арачылык ролду аркалап келет. Өлкөдө ХАМАСтын саясий кеңсеси бар, бирок ал буга чейин Израилдин бутасына алынган эмес.
Мунун алдында Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Газа шаарынын тургундарын калаадан чыгып кетүүгө чакырып, жакынкы арада израилдик аскерлер ал жерди толук ээлөө операциясын баштай турганын билдирген.
7-сентябрда АКШнын президенти Дональд Трамп жакын арада Газа боюнча келишимге жетишилерин айткан. Ал: "Бул абдан олуттуу маселе. Аны Жакынкы Чыгыш, Израил, бардыгы үчүн чечүүнү каалайбыз, жаңжалды жөнгө салабыз" деп билдирген. (AiA)
Шерине