9-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Клооп” басылмасынын ишине байланыштуу соттук отурум уланды. Анда Кыргызстандан күч менен чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун материалдарына лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн эксперттер Таалайбек Абдыкожоев менен Айдин Өмүрзаков көрсөтмө берди. Алар сотто Болот Темировдун иликтөөлөрүндө “Клооп” тууралуу маалыматтар жок экенин айтышты.
Соттук жараян 16-17-сентябрь күндөрү уланмай болду.
Бул иште “Клооптун” мурдагы кызматкерлери абактагы Жоомарт Дуулатов менен Александр Александров жана үй камагындагы эки эсепчи шектүү катары өтүп жатат.
“Клооптун” мурдагы операторлору Александр Александров менен Жоомарт Дуулатовду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) быйыл 28-майда “жапырт башаламандыкка чакырык жасоого тиешеси бар” деген негизде кармаган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы алынып, өзүлөрү сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондон бери УКМКнын убактылуу убактылуу кармоочу жайында жатат.
28-29-май күндөрү Ошто жана Бишкекте “Клооптун” иштеп жаткан жана мурдагы төрт кызматкери жана алардын эки таанышы да кармалган. Баары суракка алынып, видео аркылуу кечирим сурагандан кийин коё берилген.
“Клооп” тергөөчүлөр медианын эсепчилерин жана кеңсе менежерин да суракка алып, техникалык кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, айрым жабдыктарын жана каржылык документтерин алып кетишкенин маалымдаган.
20-июлда “Манас” аэропортунда “Клооптун” мурдагы фрилансери Кутман Каленов кармалып, УКМКда суракка алынгандан кийин коё берилгени кабарланган.
Басылманын бери дегенде төрт кызматкеринин банк эсептери бөгөттөлгөн.
30-майда УКМК билдирүү таратып, “Клооп Медианы” “мамлекеттик органдар жөнүндө бурмаланган маалыматтар менен терс материалдарды жарыялап келген” деп айыптаган. Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооптун” кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темиров менен байланышта экенин, ал каржылап жүргөнүн Фейсбукка жазган. Кыргызстандан мажбурлап чыгарылган Болот Темиров муну четке каккан.
Медианын иштеп жаткан жана мурдагы кызматкерлеринин кармалып, суракка алынып жатышын “Чек арасыз кабарчылар” (RSF), Human Rights Watch жана Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) сыяктуу эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар айыптап, кармалган кызматкерлерди боштондукка чыгарууга чакырышкан.
2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн. Анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. (BTo/DSh)
Шерине