Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Кыргызстанда ушул жылдын алгачкы алты айында Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен 278 кылмыш иши козголгонун айтты.
Маалыматка караганда, анын ичинен 21 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, 36сы кыскартылган. 62 иш убактылуу токтотолуп, төртөө башка кылмыш иштерине бириктирилип, 135и тергелип жатат.
2024-жылы “Коррупция” беренеси менен 452 иш ачылып, андан мамлекетке 4 млрд сом зыян келтирилгени аныкталган.
Эл аралык Transparency International (TI) уюмунун 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексине ылайык, Кыргызстан жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашган. 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган болчу. Упай канчалык көп болсо, жемкорлук деңгээли ошончолук төмөн.
Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.
Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” жана “Шалаакылык” беренелери менен айып тагылгандар күнөөсүн мойнуна алуу боюнча тергөө менен келишим түзүп, келтирилген чыгымды толугу менен төлөгөндө ушул беренелерде каралган жазанын жарымын абакта өтөшү керек. Шектүү күнөөсүн мойнуна алса да пробациялык жаза колдонулбайт.
Садыр Жапаров 6-сентябрда Балыкчы шаарынын тургундары менен кыска баарлашууда жогору жактагы коррупция жоюлганын, ортоңку-төмөнкү катмарда жоголбой жатканын айткан.(BTo)
Шерине